Доллардын курсу 9 сомго төмөндөдү. Учурда 1 доллар - 76.8 сом менен сатылууда

20 марта 2020, 16:00

Доллардын курсу 2020-жылдын 20-мартына карата 76.8 сомго төмөндөдү. Бул тууралуу борбордогу акча алмаштыруучу жайда иш алып баргандар маалымдашты. 

Кечээ, 19-мартта 1 доллардын курсу - 85 сомго чыккан. Улуттук банк валютадагы абалды турукташтыруу үчүн кезектеги 3.7 млн долларга жетинчи интервенцияны жасаган. Муну менен Улуттук банк  2020-жылы  жалпысынан 109,7 млн долларга интервеция өткөздү. 

УБ жетекчиси Толкунбек Абдыгулов валюта рыногундагы туруксуз абалды мунайга болгон баанын төмөндөп кетиши жана ички рыноктогу валютага болгон талаптын жогорулашы менен байланыштуу деп түшүндүрмө берди.