Доллардын курсу 81 сомго чейин төмөндөдү

8 апреля 2020, 12:45

8-апрелге карата доллардын сомго карата курсу 81 сомго түштү. Учурда 1 доллардын наркы - 81.5 - 80 сомду түзүүдө. Улуттук банкта валюталар курсу азырынча жаңыртыла элек. 

 

Эске сала кетсек, 2-апрелде Улуттук банк доллар курсун турукташтыруу үчүн 14.2 млн долларга интервенция жасаган. 

Рублга карата доллардын курсу дагы төмөндөдү. Россиянын Борбордук банкы жана Москва биржасынын маалыматына ылайык, америка валютасы 75.5 рублду түзүүдө.

Brent мунайынын бир баррелге болгон баасы 32.78 доллар, ал эми WTI маркасындагы мунайдын бир баррелге болгон баасы - 25 доллар.