Банктар аралык соодада доллар бир аз төмөндөдү

18 ноября 2022, 09:02

Кечээ, 17-ноябрда комбанктар банктар аралык аукциондо 6 миллион 180 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти. 

Мурунку күнгө, 16-ноябрга салыштырмалуу суроо-талап 9 эсе азайды. Буга 16-ноябрда Улуттук банктын валюта рыногуна чыгып, интервенция жасаганы себеп болду.

Кошумчалай кетсек, 17-ноябрда аукцион доллардын баасы 84,45 сом менен ачылган, бирок жабылышта ал 0,024%га төмөндөп, 84,43 сомду түзгөн.