Банктар аралык соодада доллар бир аз көтөрүлдү

21 октября 2022, 12:36

Коммерциялык банктар 20-октябрда банктар аралык валюта аукциондорунда беш миллион доллар сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Анын ичинен 2 миллион 250 миң доллар бүтүм түзүлгөн күнү, дагы 2 миллион 750 миң доллары бүтүм жасалган күндөн башка күнгө эсептелген.

Өткөн күнгө салыштырмалуу банктар арасында чет элдик валютага суроо-талап 29,87%га азайган. Ошол эле учурда америкалык валютанын наркы, тескерисинче, 0,4%га өсүп, 82,3 сомдон 83,6 сомго чыкты.

Кошумчалай кетсек, 19-октябрдан тарта валюта соодасында доллар бекемделе баштаган.