Доллар кайрадан кымбаттап жатат - расмий курс 84,5 сомду түздү

12 ноября 2020, 16:25

Улуттук банктын маалыматына ылайык, доллардын расмий курсу кайрадан жогорулады - 0,47% га, бирдигине 84,5 сомду түздү. Ошондой эле евро 0,45% га - 99,6 сомго кымбаттады. 

Ал эми коммерциялык банктарда доллар 84,9 сомдон, ал эми евро 100,5 сомдон 101 сомго чейин сатылууда.

Россия Федерациясынын Борбордук банкынын маалыматы боюнча, америкалык валюта 77,1 рубль, евро 90,8 рубль турат. Москва биржасында 1 доллар 76,8 рублдан, 1 евро 90,7 рублдан сатылууда.