Доллар өз позициясын сактап турат

2 октября 2020, 17:04

Доллар сомго карата өзүнүн позициясын сактап калууда. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалат. 

Валюталар курсу тууралуу акыркы маалыматтарда, доллар 79.4 сом менен өзүнүн позициясын, башка валюталарга салыштырмалуу сактап турат. Ал эми рублдун көлөмү — 1.04% төмөндөгөн. 

Эске сала кетсек, жакынкы күндөрү рублдун наркы сомдон дагы төмөндөп кеткен.