Банктар аралык соодада доллардын арзандоосу уланууда

17 августа 2022, 09:16

Банктар аралык валюта аукциондорунда 16-августта коммерциялык банктар 6 миллион 450 миң доллар сатып алышты. Мындай маалыматты Кыргызстандын Улуттук банкы билдирет.

Сооданын ачылышы 1 доллар үчүн 81,5 сомдон ашты. Бул 15-августтагы аукциондогу америкалык валютанын жабылуу курсунан 0,25% жогору. Ошол эле учурда 16-августтагы сооданын жыйынтыгында доллардын курсу 81 сомго чейин арзандады (-0,61%).

Белгилеп кетсек, банктар аралык соодада акыркы жолу АКШ валютасында мындай көрсөткүч 26-июлда катталып, 1 доллар 80,51 сомго барабар болгон.