Доллар кымбаттап, евро рублга карата арзандады

31 октября 2022, 09:28

Орусиянын Борбордук банкы дем алыш күндөрү рублге карата расмий валюта курстарын жарыялады.

Маалыматка ылайык, АКШ доллары рублга карата 0,29%га жогорулап, 61,5343 рублди түздү, евро болсо, тескерисинче, 0,71%га төмөндөп, 61,1328 рублди түздү.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда сомдун курсу евродон башка бардык валюталарга карата төмөндөдү, ал 0,79% түзөт.