Банктар аралык валюта соодасында доллар кымбаттады

27 января 2023, 09:29

Коммерциялык банктар 26-январда банктар аралык валюта соодасында 12 миллион 250 миң доллар сатып алышты. Мындай маалыматтар күнүмдүк соода статистикасында берилген.

Банктар 7,5 миллион доллар сатып алган мурунку күнгө салыштырмалуу валютага суроо-талап 63%га өскөн. 19-январдан тарта коммерциялык банктар арасында валютага болгон кызыгуунун акырындык менен жогорулашы байкалууда.

Соодалар америкалык валютанын наркынын 86,1 сомго (+0,12%) чейин өсүшү менен ачылса, сооданын жабылышына карата доллардын курсу дагы 0,06%га жогорулап, 86,15 сомду түздү.