Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллар дээрлик жок

1 августа 2022, 12:56

Акча алмаштыруу жайларында накталай доллардын жетишсиздиги байкалууда. Америкалык валютанын тартыштыгы өткөн аптада каттала баштаган.

Моссоветтеги көпчүлүк акча алмаштыруучу жайларында доллар сатылбай жатат. Кээ бир кассалардан майда купюраларды жана мөөр басылган банкнотторду табууга болот.

Мындан тышкары, айрым алмаштыруучулар долларды 85 сомдон сатып алууну сунуштап жатышат.

Белгилеп кетсек, коммерциялык банктарда накталай доллардын тартыштыгы акыркы бир нече айдан бери байкалган. Буга байланыштуу алар накталай долларды алуу боюнча комиссия жана аларды сатып алууга чектөө киргизишкен.