Доллардын наркы кайрадан төмөндөй баштады

10 февраля 2021, 11:25

22-январдан тарта доллардын официалдуу курсу сомго карата биринчи жолу 84.7 сомду түзсө, 10-февралга карата курс 84.6771 сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматтарында айтылат.

 

Коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу төмөндөй баштады, 84.4 сомдон сатылып, кайра 84.2 сом менен сатылып алынууда. Доллардын наркынын төмөндөшү ушул жылдын 8-февралынан бери каттала баштады. Бул учурда долларды сатып алуу -0.25 сомго, сатуунун наркы -0.15 сомго төмөндөдү.

Чет элдик валютанын сомго карата төмөндөөсү бир нече факторлор менен байланыштуу. Анын ичинен Brent мунайынын бир баррелине болгон баанын 60 долларга чейин көтөрүлүүсү. 2020-жылдын май айында бул баа 30 долларды үзгөн. Лондон биржасынын маалыматына ылайык, 10-февралга карата Brent мунайынын баасы 61.07 $ түзүүдө. Өз кезегинде мунайга болгон баа рублга карата бекемделген. Февралдын башынан тарта бүгүнкү күнгө чейин доллардын рублга карата курсу 2.13.35 рублга төмөндөп, 74.1192 рублду түзгөн.

Андан сырткары, январдын аягы жана февралдын башына карата Улуттук банк сомдун курсун бекемдөө үчүн 83.7 млн доллар сатып, эки ирет интервенция өткөргөн.