Доллардын расмий курсу 76,9 сомго чейин көтөрүлдү

4 августа 2020, 18:00

Доллардын расмий курсу 0,09% жогорулап, 76,9 сомду түздү. Евронун наркы дагы 0,23% га жогорулап, 90,7 сомду түзгөн. Мындан тышкары, сом рублге карата 1,15%га жана тенгега карата 0,49%га арзандады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Коммерциялык банктарда доллар бирдиги үчүн 77 сомдон 77,2 сомго чейин, евро 90,8 сомдон 91,5 сомго чейин сатылууда.

Кошумчалай кетсек, Орусиянын Борбордук банкынын маалыматы боюнча, доллар 73,4 рублден, евро 86,5 рублден сатылууда. Москва биржасында америкалык валютанын наркы 73,8 рублге, евро 86,9 рублге бааланууда.