Кыргызстанда доллардын депозиттик базасы сомго караганда тез өсүүдө

30 мая 2023, 10:31

Кыргызстанда доллардын депозиттик базасы сомго караганда тез өсүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын банктык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Эмил Сарыажиев​ билдирди.

Ал белгилегендей, ушул жылдын башынан бери эле депозиттик базанын көлөмү 10%га өскөн. Бирок Улуттук банктын каржы статистикасы бөлүмүнүн башчысы Медер Абдрахманов белгилегендей, эсептик чендин төмөндөшүнөн улам депозиттердин көлөмүнүн ылдыйлоо тенденциясы бар.

"Бул монетанын экинчи тарабы сыяктуу, биз ченди көтөрүп жатабыз, ал эми депозиттик ставкалар жагымдуу болуп баратат, бирок кредиттөө ставкасы өсүп жатат", - деп белгиледи ал.