«Ошэлектр» ишканасынын кызматкерлери мамлекетке зыян келтиришти

22 февраля 2023, 09:35

Ош облусунун прокуратурасы “Ошэлектро” ААКнын кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин ишканада мамлекеттик сатып алуулар жана ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча мыйзамдардын сакталышы текшерилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө, 2018-жылдан 2022-жылга чейин конкурстук табыштамаларды кепилдик камсыздоо жана контракттардын аткарылышын кепилдик камсыздоо катары берүүчүлөрдөн алынган 28 миллион 291 миң 746 сомдун ичинен 2022-жылга чейин 21 млн 972 миң 120 сом пайдаланылгандыгы аныкталган. 

“Бул каражаттар ААКтын кызматкерлеринин эмгек акысына жана Салык департаментиндеги карыздарды жабууга жумшалган. Бирок бул максаттар үчүн башка каржылоо булагы каралган”, - деп айтылат маалыматта.