Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү конфискацияланат

10 июня 2022, 12:14

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин Чүй облусунун Кой-Таш айылындагы турак-жайы конфискацияланат. Бул тууралуу борбор калаанын Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Сот райондук соттун 2020-жылдын 23-июнундагы өкүмү менен Атамбаев мүлкүн конфискациялоо менен 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылганын эске салды. Бишкек шаардык соту менен Жогорку сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

“Алмазбек Атамбаевдин мүлкүн конфискациялоо 2020-жылдын 14-августунда мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысынын негизинде жүргүзүлдү”, — деп айтылат соттун маалыматында.

Райондук сот экс-президент Атамбаевдин жактоочусунун анын кардарынын мүлкүн (Кой-Таш айылындагы турак-жай) конфискациялоо чечими Садыр Жапаров президент болуп турганда чыгарылган деген билдирүүсү чындыкка дал келбей турганын белгиледи. Тиешелүү чечим Сооронбай Жээнбеков өлкө президенти болуп турганда кабыл алынганы айтылды.