Дональд Трамп өзүнүн социалдык тармагын ачат

22 марта 2021, 17:20

АКШнын экс-президенти Дональд Трамп өзүнүн социалдык тармагын ачууну пландоодо. Бул тууралуу Твиттерге анын жардамчысы Джейсон Милнер билдирди. 

 

Анын айтымында, Трамп социалдык тармакка өзүнүн платформасы менен эки-үч айдан кийин кайтып келет. Мындай чечимге ал Твиттер жана Фейсбуктагы баракчалары жабылып калган сон келген. 

Трамптын айтымында, жаңы социалдык баракча миллиарддаган колдонуучуларын табат.