Донорлор Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн 56.1 млн $ которушту
Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн Эл аралык донорлор Кыргызстанга 56.1 млн доллар которушкан. Бул тууралуу финансы министрлигинин докладында айтылат.
Тиешелүү каражаттар ооруканалраг медициналык жабдыктарды, дары-дармектерди, коргонуучу каражаттарды алуу үчун жумшалат.
Бүгүнкү күндө 10.5 млн доллар коротушкан, 2020-жылдын аягына чейин дагы 6.5 млн доллар коротуу пландалууда.
Кошумчалай кетсек, калган 39.15 млн доллар 2021-2022-жылдары тиешелүү иштерге жумшалышы мүмкүн.