Донорлор өлкөдөгү токойлорго дээрлик 30 млн доллар инвестиция салышат

7 декабря 2022, 17:22

Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк жана айыл чарба уюму жана Жашыл климат фондунун “Кыргызстандын токойлоруна жана жайыттарына климаттык инвестициялоо аркылуу көмүртектин секвестри” долбоорун ишке ашырууну баштады. Аталган долбоор 29,9 миллион долларга бааланууда. 

Быйыл 5-6- декабрда БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Борбордук Азия, Түркия жана Азербайжан боюнча субрегионалдык координатору Виорел Гуту Кыргызстанга иш сапары менен келген. 

Мындан тышкары, Корея университетинин профессору Йовхан Сон жана ал жетектеген кореялык эксперттер тобу өлкөгө иш сапары менен келип, сунушталып жаткан долбоорлордун багыттары менен таанышышты. 

Маалым болгондой, Кыргызстандын Азиялык токой кызматташтыгы уюмун (AFoCO) түзүү боюнча келишимге кошулуусу AFoCO жана Корея Республикасынын финансылык колдоосуна мүмкүнчүлүк берет.