«Дос-Кредобанктын» акционерлеринин бир акцияга кирешеси 276 сомду түздү

31 марта 2023, 12:06

"Дос-Кредобанк" ААКсынын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу өттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Күн тартибинде 11 маселе каралды. Алардын негизгилеринин бири банктын таза кирешесин бөлүштүрүү болду.

Ошентип, акционерлер 2022-жылдын аягында таза пайданын 27,16% бөлүштүрүүнү чечишти.

"1 баалуу кагазга дивиденддин өлчөмү 275,9 сомду түзөт", - деп белгилейт Кыргыз фондулук биржасы.

Мындан тышкары, алар 2023-жылга бизнес-планын бекитип, "Дос-Кредобанк" ААКтын тышкы аудитору катары "Бейкер Тилли Бишкек" ЖЧКсын тандашкан.