«Дос-Кредобанк» дивидендтерге дээрлик 29 млн сом жумшайт

20 августа 2020, 09:01

«Дос-Кредобанк» дивидендтерди төлөөгө 2019-жылы түшкөн жалпы кирешенин 25% жөнөтөт. Мындай чечим акционерлердин бир жылдык жыйналышында кабыл алынган.

 

Бир баалуу кагаздын кирешеси 46.57 сомду түзөт. 

«2019-жылы түшкөн 116 млн 96 миң сом киреше төмөндөгүчө бөлүштүрүлөт: 29 млн 24 миң сом (25%) дивиденттерди төлөөгө багытталат, 87 млн 72 миң сом ачык акционердик коомдун карамагына калтырылды», — деп маалымдады «Дос-Кредобанк».

Кошумчалай кетсек, бир баалуу кагаздын баасы - 1 миң сомго бааланган.