«Дос-Кредобанк» уставдык капиталын көбөйтөт

11 декабря 2023, 13:49

"Дос-Кредобанк" банктын уставдык капиталын көбөйтүү үчүн өткөн жылдардагы бөлүштүрүлбөгөн пайданы колдонот. Мындай чечимди акционерлер 5-декабрда кезексиз жалпы жыйында кабыл алышты.

19-чыгарылыштагы жөнөкөй аталыштагы акциялардын кошумча эсебинен банктын жүгүртүүдөгү акцияларынын санын көбөйтүү пландаштырылууда.

"Мындан тышкары, "Дос-Кредобанк" ААКнын жаңы редакциясынын уставы бекитилди", - деп кошумчалады Кыргыз фондулук биржасы.