«Дос-Кредобанк» облигациялар боюнча чегерилген кирешени төлөйт
"Дос-Кредобанк" ААКсы облигациялар боюнча чегерилген кирешени төлөйт. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Кирешелүүлүк нормасы жылына 16%, ал эми бир баалуу кагаздын номиналдык баасы 1 миң сомду түзөт.
"Төлөм Бишкек шаары, Чүй проспектиси 92 дареги боюнча же берилген арызга ылайык облигация ээсинин банктык эсебине которуу жолу менен жүргүзүлөт", - деп белгилейт КФБ.