«Дос-Кредобанк» облигациялар боюнча чегерилген кирешени төлөйт

28 февраля 2024, 17:11

“Дос-Кредобанк” ААКсы облигациялар боюнча чегерилген кирешени төлөйт. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Кирешелүүлүк нормасы жылына 16%, ал эми бир баалуу кагаздын номиналдык баасы 1 миң сомду түзөт.

“Төлөм Бишкек ш., Чүй пр., 92 дареги боюнча же берилген арызга ылайык облигация ээсинин банктык эсебине которуу жолу менен жүргүзүлөт”, - деп белгилейт КФБ.