Doscredobank Кыргызстанда Биринчи Жашыл инвестиция форумун өткөрдү

24 ноября 2022, 18:09

Ушул апта, 23-ноябрда Бишкекте Биринчи Жашыл инвестиция форуму өттү. Аталган форумду Борбордук Азиядагы GIP аймактык кеңсеси, AIFC Жашыл Каржы борбору, GFC Бишкек жана Доскредобанк уюштурду.

Форумга президенттик администрация, Улуттук банктын өкүлдөрү, Кытай Эл Республикасынын элчиси, Казакстанстандын элчиси, Кыргызстандын Банктар союзунун өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдар, мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты. Ага жалпысынан 150дөн ашык адам катышты. 

Иш-чарада климаттык кризис жана аны азайтуу, туруктуу каржылоо стандарттары, жашыл банкинг, туруктуу өнүгүү инструменттери жана ESG принциптерине өтүүнүн маанилүүлүгү талкууланды.