«Кыргызалтындын» директорлор кеңешинин жетекчиси кызматтан кетти

29 сентября 2022, 11:37

"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун акционерлеринин кезексиз жыйыны өттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы маалымдады.
 
Жыйында "Кыргызалтындын" директорлор кеңешинин жетекчиси Тилек Мамбеталиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганы боюнча чечим чыгарылды.

Башка чечим менен Кубат Абдраимов ишкананын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланды.