«Манас» аба майданынын директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

23 ноября 2021, 09:01

"Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү Алмазбек Рахманкуловдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Мындай чечимди акционерлер 17-ноябрдагы кезексиз жыйынында кабыл алышты.

Эльзар Жунушалиев "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын директорлор кеңешинин бош кызмат ордуна шайланды.

Мындан тышкары, акционерлер төмөнкү курамдагы эсептөө комиссиясын бекитишти:

1. Ренат Жолдошбеков.
2. Елена Эсина.
3. Айнура Тентиева.
4. Галина Ртищева.
5. Ольга Малюкова.
6. Зарина Жамбулатова.
7. Гүлнара Тентишева "Медина Регистрар" ЖЧКсынын өкүлү.