"РСК Банктын" Директорлор кеңешинин мүчөсү Эрмек Бакасов кызматтан кетти

29 сентября 2022, 15:30

"РСК Банк" ААК акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунун чечими менен Директорлор кеңешинин мүчөсү Эрмек Бакасовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.

Анын ордуна бул кызматка Чолпон Мажитова бекитилди.

Белгилей кетсек, жыйналыш 23-сентябрда болгон. 

Мындан тышкары, акционерлер Александр Ковановдон турган эсептөө комиссиясын бекитишти.