«Бакай Банктын» директорлор кеңешинин жетекчисинин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

24 января 2022, 11:24

20-январда “Бакай Банктын” директорлор кеңешинин төрагасы Аалы Уманкуловдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Тиешелүү чечим банктын акционерлери тарабынан кезексиз жыйында кабыл алынды.

Андан тышкары, дагы бир чечим менен акционерлер директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн санын жети кишиге чейин көбөйтүштү.

Муну менен директорлор кеңешинде кошумча орундардын пайда болушуна жана башкармалыктын төрагасынын отставкага кетишине байланыштуу бош кызмат орундарына Башкарманын үч жаңы мүчөсү шайланды. Атап айтканда, Кира Ибрагимова, Гулшат Асылбаева жана Сергей Ибрагимов.

Ошондой эле, 20-январдан тарта “Бакай Банктын” директорлор кеңешинин төрагасы болуп Сергей Ибрагимов дайындалды.