«Улуттук электр тармактарынын» биринчи орун басары иштен кетти
"Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары, башкы дирекциясынын мүчөсү Алмасбек Жумакадыровдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Тиешелүү чечимди 24-октябрда берилген арызга ылайык, мекеменин директорлор кеңеши кабыл алды.
Анын ордуна Асхат Бердиев башкы жетекчинин биринчи орун басары, “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ишканасынын башкы дирекциясынын мүчөсү болуп шайланды.