Казакстандан Кыргызстан менен Тажикстанга гуманитардык жардам жеткирүү 40,5 млн сомго бааланды

22 августа 2021, 10:00

Казакстандан Кыргызстанга жана Тажикстанга гуманитардык жардамды жеткирүү Казакстан Республикасынын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинде 40,5 млн сомго бааланды. Бул тууралуу өкмөттүн токтомунун долбоорунда айтылды.

Кеп Кыргызстан менен Тажикстанга 10 миң тонна буудай уну түрүндө гуманитардык жардам жөнүндө болуп жатат.

Эске салсак, июнь айынын аягында Казакстан гуманитардык жардам катары кыргыз тарапка 10 миң тонна ун тапшырган, бирок ал мөөнөтү өтүп кеткен товар болгон.