Абхазиядан келген автоунаалардын ишеним каты мыйзамсыз деп эсептелет

14 апреля 2021, 11:00

Абхазиядан алынып келинген автоунааларды кимдин атына декларация түзүлсө, ошол жарандар гана колдоно алат. Муну менен Грузияда түзүлгөн документтердин негизинде нотариустар тарабынан берилген ишеним каттар мыйзамсыз деп эсептелет, деп билдирди Экономика министрлиги.

[жаңылыктар 33676]

Мекемедегилер ошондой эле эксплуатация бузулган учурда унаалар бажы көзөмөлүнүн зоналарына, убактылуу сактоочу кампаларга жөнөтүлөрүн белгилешти.

Эске салсак, ЕАЭБдин бажы аймагына чет өлкөлүк жарандар тарабынан биримдиктин мүчөсү болбогон мамлекетте катталган жеке пайдалануу үчүн транспорт каражаттарын убактылуу ташып келүүгө бир жылдан ашпаган мөөнөткө уруксат берилет.