Дубай жана Абу-Дабиде Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү дайындалды

20 марта 2023, 15:12

Дубайда жана Абу-Дабиде Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү дайындалды. Бул тууралуу бүгүн кыргыз-араб бизнес форумунда СӨП башчысы Темир Сариев билдирди.

Анын айтымында, бул бир добуштан кабыл алынган чечим, анткени соода-экономикалык кызматташууга өз ара кызыкчылыкты илгерилетүү жана өнүктүрүү зарыл.

Ошондой эле, Темир Сариев акыркы эки жылда Кыргызстан менен БАЭнин ишкер чөйрөлөрүнүн төртүнчү форуму өткөнүн, бул эки тараптын кызыкчылыгын, келечегин жана мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп жатканын белгиледи.

“Соода-өнөр жай палатасында ар кандай комитеттер иштейт, анын ичинде инвестицияларды коргоо жана илгерилетүү да бар. Эмираттык компанияларга кайрылгым келет. Биз Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү, эл аралык мамилелерди өнүктүрүү, инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча иш алып баруудабыз”, - деп баса белгиледи ал.