Дүйнөлүк банк Казакстанда кедейчиликтин көлөмү өсөрүн билдирди

12 января 2021, 09:30

Казакстанда жакыр адамдардын саны 1.5 млнго жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу LS порталы Дүйнөлүк банкка шилтеме берүү менен билдирди. 

 

 

Эксперттер белгилеп өткөндөй, жакырчылыктын өсүшү Казакстанда буга чейин 2015-жылы катталган. Ушундай эле фактор кайрадан кайталанышы мүмкүн. Себеби, мунай сектору аялуу үй-бүлөлөр үчүн терс таасирин тийгизбей койбойт. 

 

«2020-жылы COVID-19 кризиси калктын аялуу катмарын дагы бир жолу ачыкка чыгарды. Болжол боюнча, 2020-жылы жакырчылыктын деңгээли 14% га чейин көтөрүлүшү мүмкүн, б.а., Казакстандагы жакыр адамдардын саны 1,5 млнго көбөйөт. Ошол эле учурда, эмгек кирешеси менен үй чарбасынын кирешеси болжол менен 70% түзгөндүгүн эске алганда, казакстандыктардын убактылуу жумушсуз калганы олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн», - деп белгиледи  Дүйнөлүк Банк.