Дүйнөлүк банк 384 миң 900 доллар гранттык каражат бөлөт

26 декабря 2019, 12:40

Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы Салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо долбоорун (ЕСАРDEV Траст фондунун ТА0B0175 гранты) даярдоо үчүн грант берүү тууралуу гранттык макулдашуу-каты жөнүндө ратификациялык мыйзам долбоору каралып, баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул ЖК басма сөз кызматы билдирет. 

Өкмөттүн маалыматына караганда, эки тараптуу келишимге ылайык, Дүйнөлүк банк «Салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо» инвестициялык долбоорун даярдоо үчүн 384 миң 900 доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт.

Инвестициялык долбоор төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:

1) Маалыматтык-технологиялык инфратүзүмдөрдүн алкагында функционалдык кемчиликтерди талдоо, иштеп чыгуу жана баалоо жүргүзүү;

2) Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүн түзүүнү кошкондо ПМНАСС долбоорун ишке ашыруу максаты үчүн сатып алуулар жана финансылык башкаруу жаатындагы ДИБ тандалып алынган кызматкерлеринин дараметин өстүрүү боюнча иш-чараларын колдоо;

3) Долбоордун ишине аудит жүргүзүүдө колдоо көрсөтүү.