Дүйнөлүк банк: 2020-жылы сомдун долларга карата курсу 19% төмөндөдү

17 марта 2021, 15:00

2020-жылы Кыргызстандын экономикасы 8.6% төмөндөгөн. Андан сырткары, сомдун долларга карата 19% төмөндөөсү дагы экономикага кедергисин тийгизди. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын басма сөз кызматы билдирди.

 

Андан сырткары, инфляциянын көлөмү 9.7% түзүп, экономиканы төмөнгө тартты.

Кошумчалай кетсек, Дүйнөлүк банктын аналитиктеринин айтымында, Кыргызстандын экономикасынын төмөндөшү, өнүккөн өлкөлөрдө катталган көрсөткүчтөн дагы эки эсеге көп ылдыйлаган.