Дүйнөлүк инновациялык индексте Кыргызстан 94-орунду ээледи

12 января 2021, 16:00

Өлкөнүн экономикасында инновациянын жетишкендиги боюнча рейтингде Кыргызстан 94-орунга ээ болду. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму​нун сайтында маалымдалды. 

 

 

Алгачкы беш орунду Швейцария, Швеция, АКШ, Улуу Британия жана Нидерландия өлкөлөрү ээлеген. Акыркы орундарда 127ден 131ге чейинки орундарда Эфиопия, Нигерия, Мьянма, Гвиней жана Йэмен өлкөлөрүнүн аттары аталган. 

ЕАЭБ ичинен жогорку орунду дайыма Россия (47-орун) ээлейт. Андан соң Армения (61), Белорусия (64) жана Казакстан (77) турат.