Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Түркияда жабыркагандарга 16,4 млн сом чогултту

20 февраля 2023, 09:00

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Тойгонбай Абдыкаров, муфтийдин орун басары Самидин Атабаев жана Бишкек шаарынын казысы Шакир Маматов Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинде болуп, элчи Ахмет Садык Доган менен жолугушту. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Алар 16,4 миллион сомдон тышкары гуманитардык жардам катары – жылуу кийим, шейшеп, жууркан-төшөктөрдү тапшырышты.

Акчанын негизги бөлүгү Бишкекте чогултулган.