Тоңдурулган этке болгон бажы төлөмү алынып салынды

9 февраля 2023, 16:14

Кыргызстан тоңдурулган этти импорттоодо бажы төлөмдөрү алып салды. Бул чечим ушул жылдын аягына чейин күчүндө болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечимге ЕЭК кеңешинин алкагында кол коюлган. Ошентип, эт азыктарын өндүрүү жана өнөр жайда кайра иштетүү үчүн ташылып келинген тоңдурулган уй эти импорттук бажы алымдарын төлөөдөн бошотулат.

Бул чечим ушул жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот. Белгиленген эттин көлөмү 2,5 миң тоннаны түзөт.