«Дос-Кредобанк» башкармалыгынын эки мүчөсү иштен кетти

11 декабря 2023, 11:35

“Дос-Кредобанктын” башкармалыгынын курамында өзгөртүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Алсак, банктын директорлор кеңешинин чечими менен “Дос-Кредобанктын” башкармалыгынын төрагасынын орун басары Чынара Бекташеванын, ошондой эле башкармалыктын мүчөсү Азизбек Сайпидиновдун ыйгарым укуктары 30-ноябрдан тарта токтотулду.