Кытайлык эки компания Кыргызстанда көмүр казып баштайт

11 сентября 2023, 12:05

СУАР форумунда Кытай менен 15 келишим түзүлдү, анын 9у көмүр боюнча. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев бүгүн 2023-24-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдык боюнча маалымат жыйынында билдирди.

Ошентип Кытай Кыргызстандагы эки участокто көмүр казып баштайт.

"Планда жылына 1,8 миң тонна өндүрүү каралган. Келерки жылдан баштап коңшу Өзбекстанга көмүр экспорттой баштоону пландап жатабыз", - деди министр.