Күрөөканалардын үчтөн экиси уставдык капиталга коюлган талаптарга жооп бербейт

12 октября 2022, 09:54

Быйылкы жылдын 10-октябрына карата өлкөдө катталган 425 ломбарддын ичинен 112 ломбард өздөрүнүн уставдык капиталын Министрлеркабинетинин токтомунун талаптарына ылайык келтирди. Бул тууралуу Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2022-жылдын 24-июнундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн банктык эмес финансы рыногу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомуна ылайык, ломбарддар ушул жылдын 1-июлуна чейин уставдык капиталын 1 миллион сомго чейин көбөйтүүсү керек болчу.