Дыйкандар күйүүчү-майлоочу майды 65 сомдон ала алышат

21 февраля 2023, 09:29

Дыйкандар күйүүчү-майлоочу майды 65 сомдон ала башташты. Бул тууралуу  Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жазгы талаа иштерине республика боюнча 42,1 миң тонна күйүүчү-майлоочу май, 25 миң тонна дизель майы жана 20 миң тонна бензин жумшалат.

“Red Petroleum" компаниясынын ортосундагы дизель майын сатып алуу боюнча түзүлгөн келишимдин негизинде Мамлекеттик материалдык резервдер фонду райондор боюнча квота бөлүштүрүп, жакынкы аралыкта дыйкандарга жазгы талаа жумуштарына карата 65 сомдон 3 млн литр дизель майы берилет”, - деп айтылат маалыматта.

Күйүүчү-майлоочу май алуу үчүн жергиликтүү айыл өкмөтүнө кайрылуу керек.