Джефф Безос кайрадан дүйнөнүн эң бай адамы
Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос Bloomberg рейтинги боюнча кайрадан дүйнөнүн эң бай адамы. Буга анын компаниясынын акциялары 17 пайызга өскөнү себеп болду.
Дагы бир миллиардер Илон Масктын Tesla акциялары 7 пайызга арзандап кетти.
Bloomberg маалыматы боюнча, учурда Безостун жеке капиталы 200 миллиард доллар болсо, Илон Маск 198 миллиард долларга ээлик кылат.