Жерүй кени ишин улантат

12 ноября 2020, 14:16

Жерүй кени өз ишин улантат. Бул тууралуу президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Ал тоо-кен ишканалары өз ишин токтотпошу керектигин белгиледи. Мындан өлкө пайда таппайт, андыктан тармактагы көйгөйлөр элдин жана инвесторлордун кызыкчылыгы үчүн чечилиши керек.

"Азыр укук коргоо органдары Жерүйдүн жабдууларын өрттөнгөнүн иликтеп жатат", - деп кошумчалады Жапаров.