Жерүй ишке киргенден бери дээрлик 18 млрд сом салык төлөдү

6 декабря 2022, 17:08

Жерүй кени иштетилип баштагандан бери Кыргызстандын бюджетине төлөнгөн салыктын көлөмү ушул жылдын 31-октябрына карата 209,1 миллион долларды түздү. Бул тууралуу алтын казуучу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. 

Кошумчалай кетсек, отчетто 2022-жылдын аягына чейин алтын өндүрүү 30% көбөйөрү айтылат. Ошондой эле, быйыл ишкана 4 тонна баалуу металлды төлөгөн. 

Быйыл компания 50дөн ашык техниканы (Hitachi жогорку өндүрүмдүүлүктөгү экскаваторлору, Caterpillar, Volvo 55 жана 25 тонналык самосвалдар) сатып алып, ишке киргизди жана жол техникасынын паркын чыңдады.