Байден Трамптын иммигранттар боюнча кабыл алган указын жокко чыгарды
АКШнын президенти Джо Байден мурунку президент Дональд Трамптын иммигранттар боюнча кабыл алган указын жокко чыгарды. Бул тууралуу президенттин админстрациясы билдирди.
Трамп өлкөгө чет элдик жарандардын кирүүсүнө 2020-жылдын апрель айында тыюу салган. Бирок, өлкөнүн жаңы президенти бул чечим тескерисинче АКШга зыянын тийгизерин билдирип, жокко чыгарды.