Немец авто өндүрүүчүлөр электромобилге €40 млрд инвестиция жасайт

4 марта 2019, 10:33

Келе жаткан үч жылда немец авто өндүрүүчүлөрү   €40 млрд электромобиль   чыгаруу үчүн инвестиция жасайт. Алар электромобилди жеткиликтүү кылууга багыт алышты. Бул тууралуу  Немец авто өндүрүүчүлөр Ассоциациясынын башчысы  Бернард Маттес  Bloomberg билдирди.

Атмосферадагы көмүр кычкыл газын азайтууга багытталган. Бул максатты ишке ашыруу үчүн инфраструктураны кеңейтүү керек. 

Электромобилди сатып алуучуларды  анын жогорку баасы, кубаттуулугун аздыгы жана өнүкпөгөн инфраструктура  чочулатууда.   Ага карабай алдыдагы үч жылда  немец авто өндүрүүчүлөр  — Volkswagen, Daimler жанаBМW — рынокко жүз автомодель сунуштоону чечти.   Маттас элдин мындай транспорт сатып алуусуна стимулу болуш керек деген пикирин билдирди.

Немец авто өндүрүүчүлөрдүн дагы бир багыты- айдоочусуз  автомобиль  чыгаруу. Bloomberg белгилегендей, жогорудагы  салымдардын жалпы көлөмү €18 млрд,  ушул эле учурда Daimler менен  BMW аларды иштеп чыгууга катышат