ЕӨБ бюджетти колдоо үчүн Кыргызстанга 160 млн доллар берүүгө даяр

9 июня 2022, 16:05

Бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан насыя берүү тууралуу макулдашууну карашты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Экономика министринин орун басарынын маалыматына караганда, Евразия өнүктүрүү банкы бюджетти колдоо үчүн кредиттик негизде 160 млн доллар өлчөмүндө каржылык жардам көрсөтүүдө. Акча ар бири 80 миллион доллардан эки транш менен келет.

Насыяны төлөө мөөнөтү 20 жыл, анын 10 жылы 1% менен жеңилдетилген мезгил. Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.