Кыргызстандын экономикасы 2021-жылдын аягынан тарта туруктуу түрдө калыбына келе баштайт

1 февраля 2021, 14:30

COVID-19 менен ооругандардын азайышы жана  ишканаларга коюлган чектөөлөрдүн алынышы менен Кыргызстандын экономикасы ушул жылдын аягынан тарта туруктуу түрдө калыбына келе баштайт. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкы билдирди. 

 

 

Бирок, чет жактарда коронавирус менен ооругандардын саны өсүп жаткандыктан, эпидемиологиялык абал күн сайын начарлоодо. 

Ошону менен бирге эле, 2020-жылы керектөөчү жана инвестициялык талап төмөндөп жатат жана алтын өндүрүшүнүн азайышы экономикага терс таасирин тийгизүүдө.