ЕӨБ 2023-жылы Кыргызстанда эсептик чендин 1,5 эсеге төмөндөшүн күтүүдө

7 июля 2022, 12:11

Евразия өнүктүрүү банкынын талдоочулары Кыргызстанда эсептик чендин төмөндөшү 2023-жылдан эрте эмес болот деп болжошууда. Бул тууралуу банктын отчетунда айтылды.

Ошол эле учурда болжолдоо боюнча ал дароо 1,5 эсеге, азыркы 14%дан 8-9%га чейин төмөндөйт.

“Инфляциянын максаттуу көрсөткүчү 5-7% болгондо номиналдык пайыздык чендин белгиленген деңгээли алсыз чектөөчү мүнөзгө жакын болот”, - дешет талдоочулар.